Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаровдун премьер-министрдин кабинетинде тартылган сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.
Сүрөткө кошо түшкөн «Мекенчил» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев:
“Урматтуу Элим!
Сиздердин колдоонуздар менен Садыр досумду кабинетине олтургуздук.
Элге берген убаданы, достуктун милдетин аткардым, эми бошмун!
Чоон рахмат баарыныздарга!”, деп жазган.