УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон иштер боюнча мыйзамда кандай жаза каралганын айтты.
Ташиев Райымбек Матраимов бюджетке 200 млн доллар төгүп, камактан чыкканын билдирип, мурдагы бажычы мамлекетке акча төккөндөн кийин аны камакта кармап отуруунун мамлекет үчүн да, Матраимовдун өзү үчүн да пайдасы жок болгонун кеп кылды.
УКМКнын төрагасынын айтымында, Матраимовго «чек арадан мыйзамсыз өтүү», «бейбаштык», «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мыйзам боюнча ага эркинен ажыратуу же айыппул түрүндөгү жаза каралган.
«Жакында сот болот. Биз койгон беренелер боюнча санкциялар бар. Ошого жараша жазасын тартат. Негизинен ал беренелерде 5 жылга чейин эркинен ажыратуу же айыппул түрүндөгү жаза каралган. Ошол экөөнүн бирөөсү боюнча жоопко тартылат», — деди Ташиев.