Жакында эле соттордун айлыгын 2 эсе көтөрдүк, эми алар кеминде 140 миң сомдон алууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү министрлигинин, окуу жайлардын жетекчилери менен 16-январда өткөн жыйында айтты.
Ташиев билдиргендей, ага 2-3 сот ыйлап келип, «бизди таза иште» дейсиз, эң аз 70 миң сом айлык алабыз» деп, эгер таза иштесе, ал акча үй-бүлөсүн бакканга жетпей каларын айтып, айлыгын көтөрүүнү суранган (бул жерден соттор канча айлык аларын уккан мугалим, ректорлор уу-дуу боло түштү).
«Алар ротация болуп, түштүктө иштеп жаткан соттор экен. «Батирге 30 миң сом берем, тамак-ашыма 20-30 миң сом кетет. Бала-чакама 10 миң сом калса калат, калбаса жок, эгер таза иштесек» дейт. Эмне керек деп сурадым. «Биздин айлыкты көтөрүп бергиле» деди. Мен президентке сунуш берип, президент жарлыгы менен соттордун маянасын 2 эсе көтөрдү. Азыр соттор кеминде 140-150 миң сом алат», — деди ал.
Ташиев айлык көтөрүү кезеги билим берүү тармагында иштегендерге да келерин, 20 миң сом алгандар 40 миң, 40 миң алгандар 80 миң сом ала баштай турганын, бул багытта иштеп жатышканын айтты.