УКМКнын төрагасы, футбол бирикмесинин президентти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын машыктыруучусун тез-тез алмаштырууну туура көрбөйт. Бул тууралуу ал кечээ билдирди.
Ал кыргыз футболчулары алдыдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоого кызуу даярданышы керектигин белгиледи.
«Стефан Таркович менен жолуга элекмин. Аны менен сүйлөшөбүз. Машыктыруучуну тез-тез алмаштырбай, шарт түзүп берүү керек», — дейт ал.
Камчыбек Ташиев уулу Эмир-Хандын улуттук курамага чакырылышын машыктыруучу чечерин айтты.
«Ал 5 жылдан бери Европада окуп, ойноп жатат. Азыр «Барселонанын» жаштар курамында, бирок «Ла Масия» клубунда машыгат. Аны курама командага чакыруу маселесин машыктыруучу чечет», — дейт бирикменин президенти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз