Ташиев: Талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстанга өтөт

Ташиев: Талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстанга өтөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билдирди.

«Орто-Токой суу сактагычынын 800 гектар жери Кыргызстандын аймагында турат. Анын 95%ын Өзбекстан колдонот. 5%ын гана Кыргызстан алат. Демек, ошол 800 гектардын ордуна Өзбекстан Кыргызстанга башка жер бериши керек деген талапты койдук. Буга чейин 200 гектар жерди берген экен. Калганын дагы бересиңер десек, өзбек тарап Көк-Серек, Баястан, Үнкүр-Тоо айылдарын көчүрүп чыккыла дейт. Карта боюнча ал айылдар Өзбекстандыкы. Суу сактагычтагы жер үчүн ошол айылдарды биз өзүбүзгө жаздырып алдык», — деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай Кара-Суу районундагы чек ара 100 гектар Өзбекстан тарапка жылат. Ошондой эле Өзгөн, Сузак районунун аймагы да 1000 гектарга кеңейет.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чечилиши боюнча элге маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай жолугушуу бүгүн — 30-мартта Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургундары менен болду.

25-мартта эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Бул жолугушуудан кийин Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилди деп билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>