Site icon Reporter.kg

Ташиев Тажикстандын коопсуздук кызматынын башчысы менен кайра жолукту

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын коопсуздук кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, генералдар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү дагы белгиленет.

Камчыбек Ташиевдин бул Саймумин Ятимов менен декабрь айындагы экинчи жолугушуусу. Алар 1-декабрда эле сүйлөшүү жүргүзүп, Ворух – Кожалы  жолу жана эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан аймактагы мүлктөрү боюнча чечим кабыл алышкан.

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Бир нече принципиалдуу чечимге келдик (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version