Site icon Reporter.kg

Ташиев Жалал-Абадда 10 миң кишиге ылайыкташкан мечит курат

Жалал-Абад шаарында 10 миң адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу башталды. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди.

Ал мечит УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев каржылап жатканын белгилейт.

«Калоочулар  «Эл тилеги» фонду аркылуу демөөрчүлүк көрсөтсө болот», — дейт Өткүрбек Рахманов.

Мечиттин ичинде 10 миң адам, сыртында 5 миңге жакын адам намаз окууга ылайыктуу. Ага унаа токтотуучу жер төлө дагы салынат.
Exit mobile version