Ташиев: Жогорку Кеңештин жыйынына катыша элегиме 9 жыл болуптур, толкунданып жатам — видео

Ташиев: Жогорку Кеңештин жыйынына катыша элегиме 9 жыл болуптур, толкунданып жатам — видео

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйын өтүүдө. Анда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча коррупциялык иштерди карап коюуну сунуштады.

Камчыбек Ташиев эл өкүлүн суроосуна жооп берүүнүн алдында Жогорку Кеңештин отурумуна катыша электигине 9 жыл болгонун айтып, бираз толкунданып жатканын билдирди.

Мага бир аз ыңгайсыз болуп жатат. Садыр Жапаров президент болуп келгенден баштап коррупция маселеси көтөрүлдү. Ким коррупцияга аралашкан болсо ал жазасын алат. Ээлеген ордуна, тууганчылыгына, тааныштыгына каралбайт мыйзам чегинде жооп берет. Биз муну баштадык. Бул жерде өтө көп мамлекеттик кызматкерлер бар. Жол боюнча 3-4 чоң коррупциялык иштер каралып жатат. Бул маселелер жөн калбайт. Ар бирин карап чыгабыз, ким уурдаса мамлекетке кайтарабыз. Түндүк-Түштүк жолу боюнча каралып жатат.

Жыйында өкмөттүн жаңы курамы талкууланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>