УКМК жана башка күч структуралары тарабынан массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө кысым болбойт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев бул боюнча журналисттер менен жолгушууда билдирди.
“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Эгерде биздин кызматкерлер сизге кысым көрсөтсө, биз аларды жазалоого даярбыз. Таза, чындыкты жазып иштеңиз, чагымчыл билдирүүлөрдүн таратуучулары болуп калбоо үчүн ишенимдүү маалыматтарды гана жазып, жеткирип коюңуз. Ошондой болсо эч ким сизге кысым көрсөтпөйт », — деди ал.