Site icon Reporter.kg

Ташиевдин уулунун атын жамынгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасаган эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр өздөрүн УКМК төрагасынын уулу менен жакын байланышта экенин айтып, К.Э.И. аттуу жарандын кыймылсыз мүлкүн коркутуу жолу менен мыйзамсыз тартып алган.

“Аталган жарандар учурда кармалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат,” — деп билдиришти атайын кызматтан.

 

Exit mobile version