Site icon Reporter.kg

Ташиевге Германиядан жүрөгүнө операция жасалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө Германиядан операция жасалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Телеграмм- каналында жарыяланды.

Анда Ташиевдин абалы жакшы экени жана өзүн жакшы сезип жатканы жазылган.

Буга чейин Камчыбек Ташиев дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен чет өлкөгө дарыланууга кеткен.

Exit mobile version