Site icon Reporter.kg

Ташкентте Өзбекстандын 23 жаштагы жети жолку чемпиону өлтүрүлдү

11-сентябрга караган түнү Ташкент шаарындагы кафелердин биринде жаш жигиттер тобунун ортосунда жаңжал чыгып, жыйынтыгында үч киши ар кыл жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин аракетине карабай, таңга маал 23 жаштагы Муслимбек Омонов көз жумган.

Муслимбек Омонов эрежесиз эр уруш боюнча мушкер, Өзбекстандын кикбоксинг боюнча жети жолку чемпиону, дүйнө чемпиону жана эрежесиз эр уруш боюнча 77 килограмм салмакка чейин Азия чемпиону болгон.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, бул факт боюнча «Денеге атайлап оор жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңжалга катышкандардын баарынын тек-жайы аныкталды. Тергөө уланууда.

Былтыр август айында Ташкент шаарында түнкү клубдун кароолчусу менен болгон мушташтан Өзбекстандын эрежесиз эр уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаев ажал тапкан.

Exit mobile version