Ташкентте үйлөнүү тойдо конокторго жана жаңы келген келинге коронавирус жуккан

Ташкентте үйлөнүү тойдо конокторго жана жаңы келген келинге коронавирус жуккан

Ташкент шаарынын Юнусабад районунун жашоочусу карантин чектөөлөрүнө карабай, эки уулун үйлөнтүп той берген.

Төрт күнгө созулган тойдон кийин жаңы келген келиндердин бири жана коноктордун ичинен 12 киши коронавирус жуктуруп алды. Бейтаптар менен байланышта болгон жүздөгөн киши Covid-19га тест тапшырып, үй карантинине алынды. Бул тууралуу Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул факт боюнча эпидемиологиялык иликтөө уланууда.

Буга чейин Сурхандарыя облусунда өткөн үйлөнүү үлпөтүнөн кийин 250 киши карантинге алынганы кабарланган.

Өзбекстан коронавирустун жайылышына байланыштуу 8-майдан тартып аймактарды «кызыл, сары жана жашыл» зоналарга бөлгөн. Алардын ичинен «кызыл», өтө кооптуу деп эсептелет. Той-аштарды «жашыл зонага» кирген аймактарда гана өткөрүүгө болот. Чакырылган коноктордун саны 30дан ашпоого тийиш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>