Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун сүрөт-көргөзмөсү өтүүдө – сүрөт

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун сүрөт-көргөзмөсү өтүүдө – сүрөт

Өзбекстандын Ташкент шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата сүрөт-көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) коңшу өлкөдөгү Элдик дипломатия борбору тарабынан уюштурулган.

«Сүрөт көргөзмөдө Чынгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун үй-музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун уникалдуу сүрөттөр көрсөтүлгөн. Иш-чаранын ачылышында Элдар Айтматов конокторго видео кайрылуу жолдоду», – деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага ШКУнун Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Собиров, Кыргыз элчлигинин өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери катышканы айтылды.

Ташкенттин сүрөттөр үйүндө өтүп жаткан  сүрөт-көргөзмө 2021-жылдын 22-январына чейин уланат.

[su_image_carousel source=»media: 52499,52498,52497,52495,52494,52493″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>