Өзбекстанда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Ага Акылбек Жапаров жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов катышты.
Маалымат үчүн, Өзбекстандын аймагына жылына кирип-чыккан Кыргызстан жарандарынын саны 1 миллиондон ашат, ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңдин тегереги, мындан тышкары болжолдуу 400 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз