Ташкентте төрөтканалардын бири 14 күнгө жабылды

Ташкентте төрөтканалардын бири 14 күнгө жабылды

Ташкент шаарындагы №6 төрөткана комплекси медициналык персоналдар, энелер жана ымыркайлар менен бирге карантинге жабылды. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы санитардык инспектору Нурмат Отабеков билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялдын бири COVID-19 илдетине чалдыккан киши менен байланышта болгону үчүн төрөткана 14 күнгө жабылды.

Марттын ортосунда Ташкент шаардык клиникалык ооруканасы да карантинге жабылган болчу.

Маалыматка караганда, бейтаптардын бири Түркияга барып келгенин жашырып койгон. Андан анализ алынганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>