Ташкентте тез жардам келгенге чейин каза болуп калган жаран үчүн дарыгер сабалды

Ташкентте тез жардам келгенге чейин каза болуп калган жаран үчүн дарыгер сабалды

Ташкенттин тургуну тез жардам келгенге чейин эле каза болуп калган коңшусуна медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тарткан дарыгерди сабады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, 25-сентябрда тез жардам кызматына Ташкенттин Яшнабад районунун тургуну телефон чалып, коңшусунун абалы кескин начарлап кеткенин билдирген.

«Чакыруу менен барган дарыгерлер оорулуу каза болуп калганын айтышкан. Бирок тез жардам чакырган коңшусу ага жардам көрсөтүүнү талап кылган. Дарыгерлер бул эч кандай натыйжа бербестигин айтып, баш тартышкан. Мындай жоопту уккан шаар тургуну дарыгерлердин бирин сабап салган. Жабыркаган медик ооруканага жеткирилди», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге тергөөчүлөр менен прокуратуранын ыкчам тобу барып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында маркум уулануудан улам каза болгону аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иши уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>