Site icon Reporter.kg

Ташкентте үч жашар кызын зоопарктагы аюунун короосуна ыргыткан аял кармалды

Ташкентте үч жашар кызын зоопарктагы аюунун короосуна ыргыткан аял кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Маалыматка ылайык, аялга карата «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Апасы беш метр бийиктиктен ыргыткан кыз ооруканада экенин Sputnik Өзбекстан билдирди.

«Дарыгерлердин айтымында, ооруканага түшкөндөн кийин кыз шок абалында болгон. Жыгылып кеткендиктен ага баш мээсинин ачык жаракаты жана мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Учурда баланын абалы канааттандырарлык», — деп жазат басылма.

Эске салсак, Ташкенттин зоопаркында күзөтчүлөрдүн жана зыяратчылардын көзүнчө аял үч жашар кызды аюунун короосуна ыргытып жиберген. Аю баланы жыттап, басып кеткен. Бирок кыз бийиктиктен кулап жабыркады. Дарыланууга кеткен бардык чыгымдарды зоопарк көтөргөн.

Exit mobile version