Site icon Reporter.kg

Ташкенттен Ысык-Көлгө жүргүнчү учактары каттай баштады

Өзбекстандык Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы (“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту) багыты боюнча алгачкы жүргүнчүлөр каттамын ишке ашырды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» маалымдады.

Алгачкы каттам кечээ, 22-июнда аткарылды. Эми каттамдар 10-августка чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

«Бул багытта каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт»,- деп айтылат маалыматта.

Билеттерди авиакассалардан сатып алууга болот.

Exit mobile version