Site icon Reporter.kg

Таштанбеков: Мадумаров менен “ойногонду” үйрөнүшүбүз керек. “Гол” киргизди

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков депутаттар менен өкмөт өкүлдөрүнө депутат Адахан Мадумаров менен иштешүүнүн ымаларына токтолду.

Мадумаров 30 жылдан бери  Мадумаров! Өзгөрбөйт! Эмне кылсаңар деле бул Мадумаров боюнча калат. 30 жылдан бери эч ким өзгөртө албай койду. Сабашты, эмне гана кылган жок. Ошол үчүн Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керек. 1:0 кылды. Өкмөткө “голду” киргизди. Моюнга алыш керек да, эми “истерика” кылбай эле, силер да, баарыбыз ойгонду үйрөнүшүбүз керек. Мадумаровдун артынан чуркап барып, кыйкыра бергенде эмне? “Гол” киргиздиң, “аны-муну”- дегенде эмне? Андан көрө жылып кете берели? Өтүп кетсе эмне болот? Каттоодон өткөн жок. Көңүл бурбай эле койсок эмне болот? Эч нерсе болбойт. Менимче 3-4 вариант бар”-деди.

Ушул тапта чет элдиктерге Кыргызстандын аймагында казино ойноого уруксат берген  мыйзам долбоору каралып жатат. Адахан Мадумаров бул мыйзамга каршылыгын билдирүүдө.

Exit mobile version