Кыргызстандык балбан кыз Гүлнура Таштанбекова (68 кг) Бишкектеги Азия чемпионатында коло байге утту.
Коло үчүн беттеште Таштанбекова казакстандык спортчу Альбина Каиргельдинова менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө ал атаандашын тушеге басып, жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, буга чейин 55 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы да коло уткан.
Азия чемпионаты: Кадырбек кызы соңку секундда атаандашынан жеңишти жулуп кетип, коло утту