Site icon Reporter.kg

Тазабек Икрамовдун ЖКдагы ордуна 2 талапкер ат салышып жатат

№13 Сузак шайлоо округу боюнча депутаттыкка  Алтынбек Кылычбаев жана Жыргалбек Сейдакматов ат салышат. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Алтынбек Кылычбаев «Жалал-Абад» санаториясынын директордун орун басары болуп иштейт. Ал эми Жыргалбек Сейдакматов — Багыш айылдык кеңешинин төрагасы.

Добуш берүү 22-сентябрда өтөт.

Бул округтан шайланган Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылгандан кийин мандатын тапшырды. Ал акыркы жылдары медиа өкүлдөрүнө жасалган кысымга каршы пикирин билдирип келген.

Exit mobile version