Site icon Reporter.kg

Айлыгы 30 миң сомдон башталат. «Тазалык» айдоочуларды издейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, резервдик кадрлар үчүн 20-25 айдоочу кабыл алынат. Айлыгы 25 -30 миң сомдон башталат.

Ишкана 2023-жылдын март айынан баштап айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.

Бардык суроолор менен Бишкек шаары, Ала-Арча көчөсү, 74 дарегине кайрылуу зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version