Site icon Reporter.kg

«Тазалык» ишканасына 32 даана атайын техника берилди

«Тазалык» муниципалдык ишканасына 32 даана атайын техника берилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаарга жалпысынан 168 даана жаңы атайын техникалар келди.

Айбек Джунушалиев Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын иши менен таанышты. Ал муниципалдык ишканалардын жана «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин» кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалитеттин башчысы атайын техниканы эффективдүү пайдалануу жана ар бир жергиликтүү аймактык бирдиктерге, анын ичинде ААРдин алкагында борборго кошулган жаңы айылдарга да бөлүштүрүү милдетин койду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version