“Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

“Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси Т.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилген.

Бирок, Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

“2019-жылы 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облусунун  аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген.

Эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1 066 100 сомду түзгөн. 

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-бөлүмүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>