Site icon Reporter.kg

«Тазалыктын» кызматкерлери борбордук аянтты сагыздан тазалоодо

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери борбордук аянтты сагыздан тазалоодо. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ишканадан белгилешкендей, аянтты атайын техника менен жуугандан кийин да сагыз кетпегендиктен, ишкананын кызматкерлерине аны кол менен кырып чыгарууга туура келет.

«Тазалык» ишканасы шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого жана сагыздарды туш келди ыргытпоого чакырат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version