Site icon Reporter.kg

Тажик аскерлери эскертүүсүз ок атышты — Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары

Бүгүн, 27-январда тажик тарап чек ара тилкесинде келишимсиз курулуш иштерин баштап, андан улам эл чогула баштады. Мындай маалыматты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев билдиргенин «Turmush» басылмасы жазды.

«Маалыматты тактап баштаганыбызда, тажик тарап биз менен макулдашуусуз, алдын ала эскертүүсүз чек ара тилкесинде курулуш иштерин баштаганы белгилүү болду. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, элдин тынчын албоо, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Эскертүүлөргө карабай, эмнегедир ошол жерде жашаган тургундар жолду тосушту», — деди Туллаев.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап жолду ачты. Бирок тажик тарап 7-10 мүнөттөн кийин эскертүүсүз ок атышты.

Учурда эки республиканын бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми райондун акими Абдикарим Алимбаев, айыл өкмөт башчысы жеринде.

Exit mobile version