Site icon Reporter.kg

Тажик басылмалары Кыргызстан тууралуу калп маалымат таркатты

Тажикстандын расмий бийлигин калп маалыматтарды таркаткан ЖМКларга тоскоолдук кылууга чакырабыз. Мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таркатышты.

Маалыматка ылайык, 14-майда Чек ара кызматын кезметчилер чек арага жакын жайгашкан Тажик жаранынын үйү өрттөнүп жатканын байкаган. Кыргыз тараптын чек ара өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө аталган маалымат тастыкталып, тажик тарап коопсуздук үчүн чек арачыларын кыргыз аймагына убактылуу жылдырып турууну суранган.

Белгилүү болгондой, кийинки күнү, 15-майда тажик ЖМКлары жазган чек арага жакын жерде бак-дарактар кыйылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн эки тараптын өкүлдөрү Баткен районунун Кара айылында жолугушкан. Жолугушууда тажик тарап дарактардын кыйылып жатканын далилдей алган эмес.

Мынданулам, УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын расмий органдарын өрттөнгөн үй боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүп, аталган окуяга Кыргыз жарандарынын тиешеси бар экендиги айтылган калп маалыматтарды таратууга тоскоолдук кылууга чакырган. Тажикстан ЖМКларынын жана айрым мамлекеттик органдарынын мындай билдирүүлөрү эки өлкөнүн мамилесинде чыңалууну пайда кылып, стабилдүүлүккө, тынчтыкка болгон аракеттерди текке кетирүүсү мүмкүн экени айтылат.

Exit mobile version