Site icon Reporter.kg

Тажик президенттинин уулу Рустам Рахмон Жогорку Кеңештин 85-жылдыгына катышты

Тажикстандын парламенттинин төрагасы Рустам Рахмон бүгүн Бишкекке келди. Аны аэропорттон Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева тосуп алды.

Ал КМШ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу органдарынын жетекчилери менен бирге кыргыз парламентинин 85-жылдык мааракесине катышты.

Белгилей кетсек, 16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессия өтүүдө.  Ага катышуу үчүн Россия, Азербайжан, Беларусь, Армения, Өзбекстандын спикерлери келишти.

Рустам Рахмон 35 жашта. Ал 2020-жылы тажик парламентине төрага болуп дайындалган. 2017-жылдан бери Душанбе шаарынын  мэри болуп дагы эсептелет. Ал атасынын мураскери катары саналып, өлкөнүн саясый чөйрөсүндө маанилүү фигура.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version