Site icon Reporter.kg

Тажик жараны 17 жаштагы кызды көчөдөн бычактап өлтүрдү — видео

Новосибирск шаарында Тажикстандын жараны кызганычтан улам 17 жаштагы кызды бычактап салды. Окуя видеого түшүп калганын Орусиянын Тергөө комитетинин Telegram-каналы билдирди.

Маалым болгондой, 27-июлга караган түнү Новосибирсктин Лесоечная көчөсүндө бычактан жаракаттары бар кыздын жансыз денеси табылган.

Адам өлтүрүү окуясы өтүп бара жаткан унаанын каттоочусунун видеосуна түшүп, социалдык тармактарга тараган. Көчөдөн бычак кармаган адам кызды кууп жетип, жерге жыгып, бир катар соккуларды урган.

Укук коргоо органдарындагы булак РИА Новостиге билдиргендей, шектүү шаардын башка аймагынан кармалган. Ал Тажикстандын 27 жаштагы жараны. Шектүү Орусиядан кетүүгө аракет кылган, бирок үлгүрбөй калган.

Милиция маалымдагандай, кызганычтын негизинде шектүү менен жабырлануучунун ортосунда жаңжал чыккан. Анын кесепетинен шектүү жаран кызга денесинин ар кайсы жерине 15тен кем эмес бычак сайган. 2005-жылы туулган кыз ошол жерден каза болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал адам мурда да сабап, өлтүрөм деп коркутканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Полициянын бардык сырткы отряддары аны 27-июлда эртең мененки саат 9:00дө (Москва убактысы боюнча 05:00) кармашкан. Кармалган жаран Орусиядан кетүүнү пландаганын штаб дагы тастыктаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Exit mobile version