Site icon Reporter.kg

Тажикистандын аскердик техникалары кыргыз-тажик чек арасына келдиби? (видео)

Тажикистан куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникалары кыргыз-тажик чек арасына келгени айтылууда. Айкут Конушбай уулу аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жүктөгөн видеодон, бир нече БТРлердин (бронетранспортерлор) катуу ылдамдык менен жүрүп баратканын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучунун айтымында, видео 16 сентябрда күндүз тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Лейлектеги чек арада болгон атышууда бир аскер каза болгонун билдирген.

Exit mobile version