Тажикстандын миңден ашуун жараны Улуу Британияга иштөөгө ниетин билдирди. Бул өлкөдө мигранттарды ишке орноштуруу менен алектенген компания буга чейин 200дөн ашуун адамды тандап алган. Тажикстандын Миграция кызматы 500 тажик жаранын Улуу Британияга айыл чарба иштерине жөнөтүүнү пландоодо.
Өткөн күнү калоочуларды тандоо башталды. Улуу Британияга айыл чарба тармагына иштегиси келгендерди 22 жаштан 45 жашка чейинки англис тилин баарлашуу деңгээлинде билген жарандар чакырылды. Сезондук жумушчулар үчүн 8 сааттык жумуш күнү каралган, ар бир жумуш сааты үчүн алар 12 доллар алышат.