Тажикстан Баткендеги айылдарды басып алдыбы? Коопсуздук Кеңешинин жообу

Тажикстан Баткендеги айылдарды басып алдыбы? Коопсуздук Кеңешинин жообу

Тажикстан чек арадагы окуялардан улам «Баткен облусунун аймагында жайгашкан айрым айылдарды басып алган» деген маалымат социалдык тармактарда тараган. Бул маалыматты Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы четке какты.

«Бул маалымат жалган жана ачык чагымчыл. Учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде кечээ, 29-апрель сатт 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурунку жайгаштырылган жерлерине чыгарып кетүү боюнча келишим түзүлдү. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу жарандарды текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деди Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Замирбек Надырбеков.

Ошол эле учурда Душанбе шаарында (Тажикстан) өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин отурумуна катышуунун алкагында, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын ортосунда кошумча жолугушуу болуп өткөндүгү маалымдалды. Анда Рыскелди Мусаев жана анын тажик кесиптеши Насрулло Махмутзода менен чек ара маселелерин чечүү чаралары талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>