Тажикстан ишкерликти колдоо үчүн Дүйнөлүк банктан 11 млн доллар алды

Тажикстан ишкерликти колдоо үчүн Дүйнөлүк банктан 11 млн доллар алды

Тажикстанда жаңы бизнес баштоону каалаган жарандар үчүн каржылай колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программа ишке кирди.

Программа бизнес-планы бар 30 жашка чейинки жаштарга, аялдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге багытталган. Чакан бизнес баштоону көздөгөн жарандар 20 миң долларга чейин акча ала алат. Бул каражаттын бир бөлүгү насыя, бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Негизги шарты – ишкер бизнес-долбоорунун 10% өзү каржылоосу керек.

Программаны Дүйнөлүк банк колдоп, 11 миллион доллар бөлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>