Тажикстан кылмышка шектүү жаранын Өзбекстанга өткөрүп берүүдөн баш тартууда

Тажикстан кылмышка шектүү жаранын Өзбекстанга өткөрүп берүүдөн баш тартууда

Тажикстан Өзбекстандын аймагындагы кылмышка шектелип кармалган тажик жаранын коңшу өлкөгө өткөрүп бербейт. Бул тууралуу Согди облустук сотунун өкүлү билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын 36 жаштагы жараны Санжар Ахатов жубайы Лайло Гадойбоеванын өлүмүнө шектелүүдө.

– Биз шектүүнү Өзбекстанга өткөрүп бере албайбыз, анткени ал Тажикстандын жараны. Минск жана Кишинев конвенцияларына ылайык, бул мүмкүн эмес. Тескерисинче, кылмыш болгон өлкө иштин материалдарын бизге жибериши керек. Тергөө биздин өлкөдө жүрөт. Бул иш менен азыр облустук прокуратура алектенип жатат. Шектүү Тажикстандын мыйзамдары менен соттолот, — деди ал.

27 жаштагы Лайло Гадойбоеванын сөөгү быйыл 20-октябрда Өзбекстандагы үйүндө табылган. Соттук-медициналык экспертиза ал муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Гадойбоева күйөөсүнүн СПИД менен ооруй турганын билип калып, ажырашуу ниетин билдирген. Буга каршы болгон күйөөсү аны бир нече жолу катуу сабаган. Гадойбоева күйөөсүнүн бул аракеттерине даттанып укук коргоо органдарына кайрылган, бирок эч кандай майнап чыккан эмес.

Шектүү Санжар Ахатов аялын өлтүргөнүн мойнуна алган. Учурда ал Хожент шаарындагы тергөө абагында камакта.

Өзбекстандын Сырдарыя облустук прокуратурасынын маалыматына ылайык, Ахатовго каршы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок шектүү Тажикстанга качып кеткендиктен, мекеме аны өткөрүп берүү тууралуу тажик тарапка өтүнүч жиберген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>