Site icon Reporter.kg

Тажикстан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу долбооруна кошулууга умтулууда

Тажикстан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна кошулууга умтулууда. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлиги жарыялаган маалыматта айтылды.

Маалыматта айтылгандай, Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим менен Кытайдын транспорт министри Лю Вэйдин эки тараптуу жолугушуусу өткөн.

Жолугушууда Кытайдын «Кытай – Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа» мультимодалдык коридорун мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү, ошондой эле Тажикстандын «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна кошулуу маселеси каралган.

«Кытайдын транспорт министри көтөрүлгөн маселелерге түшүнүү менен мамиле жасап, аларды чечүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version