Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионаты (U-20) өтүп жатат. Кечээ Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Тажикстан менен беттешип, 0-0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Оюнда кыргыз футбол командасын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев жетектеген. Ташиев оюнга Испаниянын Барселона академиясында окуп жаткан кызы Сумая менен бирге көз салган.
Белгилей кетсек, 19 жаштагы Эмир-Хан Кыргызстандын улуттук курама командасына дагы чакырылган.
Эми футболчулар 12-июль күнү финалда чемпиондук наам үчүн Иран менен кездешет.