“Тажик сейрек металлдар” компаниясы жана “Казатомпром” компаниялары уранды, жана сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Документке 22-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга расмий сапарынын алкагында кол коюлганын «Казатомпром» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Меморандум эки өлкөнүн тоо-кен тармагындагы стратегиялык өнөктөштүгүнө багытталган. Компаниялар «уран жана башка сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү, изилдөө жана иштеп чыгуу, инновациялык технологияларды ишке ашыруу жана окутууну камтыган демилгелер боюнча бирге иштешүүнү» пландаштырууда.
«Конкреттүү жыйынтыктар тууралуу айтууга али эрте болсо да, биз Казакстанга да, Тажикстанга да олуттуу пайда алып келе турган уран тармагындагы, ошондой эле сейрек кездешүүчү башка металлдар тармагындагы келечектүү биргелешкен долбоорлорго көңүл буруп жатабыз», — деди «Казатомпромдун» башчысы Мейржан Юсупов.
Жакынкы арада “Тажик сейрек металлдар” компаниясынын өкүлдөрү Казакстанга келип, «Казатомпромдун» өндүрүштүк базалары менен таанышып, мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баалашмакчы.
«Казатомпром» — дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчү компания. 2023-жылы дүйнөлүк табигый уран өндүрүшүнүн болжол менен 20% ушул компанияга тиешелүү болгон. «Казатомпром» 26 кенди иштетүүдө.