Site icon Reporter.kg

Тажикстан менен Кыргызстан инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдө

Тажикстандын борборунда Тажикстан Республикасынын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Султон Рахимзода менен Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү болду.

Талкууда жакынкы аралыкта Дүйшөмбү шаарында өткөрүлүшү пландалган тажик-кыргыз инвестициялык форумун уюштурууга даярдык көрүү маселеси өзгөчө орун алды.

Exit mobile version