Site icon Reporter.kg

Тажикстан менен Түркмөнстан келишимге эмнеге кол койбой калган? Жооп

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн Консультативдик кеңешинин жыйынтыгы боюнча Тажикстан  менен Түркмөнстандын башчылары эмне үчүн келишимге кол койбой калганын түшүндүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Документке 2-3 жуманын ичинде кол коюлат, ички процедуралар ушунча убакытты алат. Биз буга толук ишенебиз», — деди Кулубаев.

ЖМК өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен болгон жыйынтыктоочу жыйынга Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана Юстиция министри Аяз Баетовдор катышты.

 

Exit mobile version