Site icon Reporter.kg

Тажикстан Мирзоевди Кыргызстанга өткөрүп берди

Тажикстандын күч түзүмдөрү кармап алган Уразбек Мирзоев Кыргызстанга кайтарылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын сүйлөшүүсүнөн соң кыргызстандын 2 жараны коё берилген.

26-сентябрда жубайы менен Тажикстанга конокко бара жаткан Лейлек районунун тургуну Уразбек Мирзоев коңшу өлкөнүн атайын кызматы  тарабынан кармалган болчу.

Тажик тарап Уразбек Мирзоевди кармап кетти

Exit mobile version