Site icon Reporter.kg

Тажикстан пиязды тышка сатууга тыюу салды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон пияз, картошка жана сабизди экспорттоого тыюу салууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өлкөнүн айыл чарба министри Курбон Хакимзода маалымат жыйынында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өлкө президенти бийлик органдарына базардагы абал турукташканга чейин бул продукцияларды экспорттоого катуу тыюу салууну тапшырды. Президенттин айтымында, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө пияздын жетишсиздиги жана анын наркынын өсүп жаткан шартында Тажикстан бул жашылчанын колдогу запастарын туура пайдаланышы керек.

Айыл-чарба министрм пияздын жаңы түшүмү апрель айынын биринчи он күндүгүндө өлкө рыногуна чыгаарын жоромолдоду.

Буга чейин казак бийлиги пиязды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салганы маалымдалган. Кыргызстанда да болсо пияздын наркы 60 сомго көтөрүлдү.

Бишкекте пияздын баасы 30 сомго кымбаттады. Сатуучулар эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version