Тажикстанда өз кызын зордуктаган киши 25 жылга эркинен ажыратылды

Тажикстанда өз кызын зордуктаган киши 25 жылга эркинен ажыратылды

Тажикстандын Дангара шаарында сот жергиликтүү тургунду өз кызын зордуктады деп 25 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Азия Плюс басылмасы жазды.

Азизулло Абдуллоев кызын 2017-жылы жайында 16 жашында зордуктаган.

«Ал түн ичинде кызына келген, кыз каршылык көрсөткөнүнө карабай,  Абдуллоев кызынын бетин жаздык менен жаап алган, ал эсин жоготкон учурда зордуктаган», — деп билдирди өлкөнүн прокуратурасынын басма сөз кызматы.

Укук коргоо органдары эмне себептен айыпталуучуга эми өкүм чыкканы тууралуу аталган өлкөнүн прокуратурасынын басма сөз кызматы маалыматты ачыктаган жок.

Дангара райондук сотунун чечими менен Абдуллоев 25 жылга эркинен ажыратылды, ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>