Тажикстанда 100 кишинин катышуусунда үйлөнүү той өткөрүүгө уруксат берилди

Тажикстанда 100 кишинин катышуусунда үйлөнүү той өткөрүүгө уруксат берилди

Тажикстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб 100 кишинин катышуусунда үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мамлекеттик «Ховар» маалымат агенттиги билдирди.

2020-жылы июлда Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн тойлорго 40тан ашуун кишинин катышуусуна тыюу салган.

Тажикстан бийлиги январдан баштап өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирүүдө. Бул арада коңшулаш Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коронавирус менен ооруган учурлар көбөйө баштаганына байланыштуу санитардык чараларды күчөтүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>