Тажикстанда 21-мартта сел жүрүп, 130 миң долларга зыян тартты

Тажикстанда 21-мартта сел жүрүп, 130 миң долларга зыян тартты

Хатлон облусунун Хуросон районундагы селдин чыгымы 1,3 млн сомониден (130 миң доллар) ашты. 21-марттагы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Халкажар айылында бир киши өлүп, 200дөн ашуун үй жана короо жай суу алдында калган.

Хуросон районунун төрагасы Рахматулло Сафарзода 238 үйдүн айрымдары жараксыз абалга кептелгенин билдирди.

Сел эгин талааларын да жууп кетти, ондогон үй жандыктары өлдү.

Табият кырсыгынан кийин Халкажар айылынын тургундары бийлик жардам бербей жатканын айтышкан. Кийинчерээк Хатлон облусунун акимчилиги селдин кесепеттерин жоюу үчүн ондогон куткаруучуларды жана жүздөгөн ыктырчыларды жөнөткөнүн маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>