Site icon Reporter.kg

Тажикстанда аскер мөөнөтү бүткөнүнө 40 күн калган жоокер октон каза болду

Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде 21 жаштагы жоокер октон алган жаратынан каза болду. Анын мөөнөтүнүн бүтөрүнө 40 күн калган.

Маркум Хадятулло Тагоевдин сөөгү 21-августта туугандарына берилди. Жакындарынын ырасташынча, ал 2017-жылы Орусиядан келип, өз эрки менен кызмат өтөө үчүн аскерге кеткен.

Хадятуллонун сөөгүн алып келген аскер кызматкерлери ал өзүн-өзү чекеге атып өлтүргөнүн билдиришкен. Бирок жоокердин туугандары жана жакындары бул версияга ынанган жок.

Жоокердин атасы Алижон Тагоев уулунун өлүмүн кылдат иликтөө талабы менен аскер прокуратурасына кайрыларын айтты.

Тажикстандагы Кыйноого каршы коалиция маалымдагандай, 2014-2016-жылдар аралыгында аскер бөлүктөрүндө 59 жоокер өтө орой мамилеге кабылган, 11 аскер өлгөн.

Exit mobile version