Site icon Reporter.kg

Тажикстанда илим алып, Өзбекстанда иштеген. Аалымдар Кеңешинин төрагасы шайланды

Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17-протоколук жыйынында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абилилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан арызы канааттандырылып, көпчүлүктүн добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

 

Абдиманап Масалиев 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген.

Билим алууга болгон алгачкы кадам:

Атасы молдо Малик 12 жаштагы уулун дин илимин окуусу үчүн алгач Баткендин Раут Каут айылындагы Шамши аттуу молдого окууга берет.  18 жашка чейин молдо Сабыр, молдо Шакир ажылардан илим алат. Абдиманап Маликович Советтик Армиянын катарында аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Тажикстан республикасынын Исфара шаарындагы молдо Абдисами ажынын астында Куран жаттоого киришип, Курани Каримди толугу менен жаттаган.

Эмгек жолу:

1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштайт. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран окууну үйрөтөт.

1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Биринчи Курултайында Уламалар Кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалат.

1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекетилет. 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар Кеңешине мүчө болот.

2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп, элге кызмат кылып келе жатат.

Абдиманап каары бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү Куран жаттаган каарылардын аксакалы, ошондой эле дин ишмерлеринин арасында кадыр-барктуу аалымдардын бири болуп саналат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга Куран окууну жана Ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң.

 

Exit mobile version