Site icon Reporter.kg

Тажикстандагы 7 баллдык жер титирөөнүн видеосу

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна жакын Тажикстанда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун Кытайдын Сейсмологиялык борбору билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. 

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте, очогу Кытай менен чек арадан 82 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан.

Ал эми ӨКМ маалымдагандай, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Ал эми Тажикстандагы жер титирөөнүн видеосу социалдык тармактарга тараган.  Колдонуучулар видеокөзөмөл камераларынан тартылган кадрларды жарыялашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version