Дүйшөмбү шаарынын батыш четиндеги май куюучу жайда катуу жарылуу болгонун Тажикстандын борборунун өрт өчүрүү кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 1-майда саат 19: 30да Зарафшон кичи районунда болгон.
Өрт мамысы 50 метр бийиктикке жетип, жакын жерде турган үйлөр жабыркаган. Өрттү он экипаж бир жарым сааттан ашык өчүрдү.
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, жабыркагандар жана жаракат алгандар бар, бирок алардын саны белгисиз.
Жакын жерде жайгашкан тез жардам станциясынын тез жардам бөлмөсүндө аларга жарылуудан 15 адам күйүк жана башка жаракаттар менен кайрылышканын «РИА новости» жазды.