Site icon Reporter.kg

Тажикстандан чыккан жүктү коштогон милиция менен жолду тоскондор жаңжалдашты – видео

Баткен облусунун кире беришинде Тажикстандын жүк ташыган унааларын коштоп бара жаткан милиция менен жолду тоскондор жаңжалдашты.

Анда милиция кызматкери видео тасмага түшүрүп жаткан адамды тартпоого чакырып, ага жакын келип опузалаганын байкоого болот.

Бул окуя боюнча Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы билдирүү таркатып, жүк ташуучу унаалар Баткен облусунун кире беришинде кармалганын маалымдады.

“Тажикстандын 3 фурасы 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу, коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.

11-майда кармалган 3 фураны Баткен ОИИБнын унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан.

Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажикстандаа кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат”, — деп Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Exit mobile version